Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

Электр энергиясынын 1 кВт сааты 1 сом болушу мүмкүн


Кыргыз өкмөтү электр энергиясына тарифти көтөрүүнү карап жатат. Бул тууралуу өнөр жай, отун ресурстары жана энергетика министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев бүгүн Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, электр энергиясына тарифти жогорулатуу багытында бир канча варианттар каралып жатат. “Алардын бирөө калкка электр энергиясынын 1 кВт саатын 1 сомго көтөрүү. Крисизтен чыгуу үчүн биз ушундай кадамдарга барышыбыз керек”, - дейт А.Түмөнбаев. Ушул тапта калк жарыктын 1 кВт саатына 70 тыйындан, өнөр жай ишканалары 95 тыйындан төлөп келет. Ушул маселени талкуулоо үчүн өкмөт мүчөлөрү 25-октябрда чогулушат. Ал эми СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов эл өкүлдөрү мындай чечимди колдобош керек деген оюн айтып жатат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG