Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Орусиянын адистери кыргыз этин текшерет


20-октябрда Орусиянын Айыл чарба министрлигинин адистери Кыргызстандын эт жана эт азыктарын текшерүү үчүн келет. Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашкандай, мындай маалымат министр Искендербек Айдаралиевдин Орусияга жасаган иш сарапында маалым болгон.

2006-жылы Кыргызстанда малдан яшур ылаңы катталып, Орусия эт жана эт азыктарын ташууга тыюу салган болчу. 22-сентябрда кыргызстандык адистер Орусияга бул маселени талкуулоо үчүн барышкан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG