Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

И.Исаковго байланыштуу сот жума күнгө белгиленди


Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Исмаил Исаковго байланыштуу сот 9-октябрга белгиленди. Бул тууралуу кыймылдын штаб башчысы жана Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров “Азаттыка” билдирди. Бирок Исмаил Исаков өзү ушул кезге чейин сотко чакыруу ала элегин белгиледи. Мурунку коргоо министри Исмаил Исаковго кызмат абалынан пайдаланган, бюджеттик каражатты максатсыз сарптаган деген айыптар коюлуп, үч кылмыш иши ачылган. Кылмыш иштер Исмаил Исаков президенттин ички жана саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу өткөн жылы 10-октябрда арыз жазгандан кийин козголгон. Козголгон кылмыш иштерин Бишкек шаардык гарнизондук соту быйыл жыл башынан тарта карай баштаган. Соттук териштирүүлөр жүрүшүндө И.Исаков жана анын адвокаттары судья Жакыпбек Бектемировго ишеним көрсөтпөй турганын жарыялаган. Бул арызды Жогорку Сот колдоп берген. Ошондуктан 9-октябрда улана турган соттук жараянга жаңы судья дайындалыш керек.(AiT)

XS
SM
MD
LG