Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:26

Бишкек-Торугарт жолуна насыя бөлүнөт


Бүгүн “Ак жол” фракциясынын жыйынында “Бишкек-Нарын-Торугарт жолун каржылоо боюнча макулдашуу” ратификацияланды. Макулдашууга кыргыз өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда быйыл 5-августа Бишкекте кол коюлган. Келишимге ылайык жолду оңдоого 50 миллион доллар бөлүнөт. Анын 22 миллион доллары грант түрүндө, калганы насыя катары берилет. Бул каражатка 75 чакырым жол оңдолот. Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жалпы узундугу 539 чакырым келет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG