Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

К.Сарбаевдин АКШга сапары уланууда


Кыргызстан тышкы иштер министри Акылбек Сарбаевдин 5-октябрда АКШга башталган сапары уланууда. Ал 6-октябрда Вашингтондо АКШ президенти жана Мамлекеттик катчысынын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары Пол Жонсон менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча кеңири пикир алышуулар болгон. Кадырбек Сарбаев андан сырткары президент К.Бакиев тарабынан көтөрүлгөн “Бишкек демилгелери” тууралуу маалымат берген. Кыргызстан Тышкы иштер министринин сапары бүгүн соңуна чыгат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG