Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

А.Мадумаров: Мектепке барбаган балдар диний уюмдарга кирүүдө


Расмий эмес маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 80 миңден ашуун бала мектепке барбайт. Мындай маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров бүгүн өлкөдөгү баңгичилик абалга байланышкан жыйында билдирди. Анын айтымында, мектепке барбай калган балдардын көбү тамак-аш берген диний уюмдарга кирип жатышат. А.Мадумаров мектептеги чогултуулар, мектепке киргизүү үчүн да олчойгон акча талап кылып жаткан окуяларды белгиледи. Ата-энелердин чыгашасын көзөмөлдөө үчүн Камкорчулар кеңешин түзүү сунушун айтты. Билим жана илим министринин орун басары Борис Кубаев болсо мектептерде акча чогултуу боюнча абал оор экенин, бирок изилдөө ата-энелерден чогулган акчанын пайдасы аз экенин билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG