Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Т.Бакир уулу Малайзияга аттанаар алдында президент менен жолугушту


Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым-укуктуу элчиси Турсунбай Бакир уулун бүгүн президент Курманбек Бакиев кабыл алды. Анда Малайзия инвестициясын, халал технологиясын Кыгызстанга тартуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Турсунбай Бакир уулу “Азаттыка” билдирди. Элчинин айтымында, малай инвесторлоруна кеңири жол ачылып, коррупцияга жол берилбешин белгилеген. Жолугушууда ошондой эле Кыргыз-Малай жогорку окуу жайын Кыргызстанда ачуу, расмий визиттерди даярдоо жөнүндө сөз болгон. Быйылкы жылы Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев жана тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин Малайзияга сапары күтүлүүдө. Ал эми президенттин сапарына дыкат даярдыктан кийин уюштуруу тапшырылды. Президент ошондой эле Турсунбай Бакир уулунун Малайзиядагы элчи Тайланд жана Индонезиядагы элчилик милдетти бир эле убакта аткарсын деген сунушун колдоого алды.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG