Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Кыргыз көмүрүнүн алгачкы партиясы Индияга кетти


«Жандес Бишкек Лимитед» ишканасынын түштүк аймагы боюнча менеджери Бектур Аданов «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ал иштеген мекеменин түздөн-түз жардамы аркасында бүгүн Жалал-Абад шаарындагы темир жол бекетинен Индияга кыргыз көмүрүнүн алгачкы партиясы жөнөтүлдү. Анын айтымында, Индиянын «Компьеш Интернэшнл» компаниясы менен Кыргызстандын Көк-Жаңгак шаарындагы «Тилек» шахтасынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, экинчи тарап аталган чет өлкөнү жыл сайын 240 миң тонна «кара алтын» менен камсыздап турмакчы. Транзиттик жүк Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Иранды аралап өтүп, акыры деңиз бойлогон мамлекетке жеткирилмекчи. Жергиликтүү эксперттер ырасташынча, Индияга жол ачылды, бирок Кыргызстан өз ишкерлерин татыктуу колдобосо, жогорудагы демилге алыска узашы кыйын. (ATo)

XS
SM
MD
LG