Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Вашингтон Арменияны Түркия менен мамилелерин жөнгө салууга үндөдү


АКШ президенти Барак Обама кечээ армян президенти Серж Саркисянга телефон чалып, ондогон жылдардан берки касташууну токтотуп, Армения менен Түркия алакаларын оңдоо мезгили келгенин белгиледи. Обама андан сырткары Саркисяндын Түркия менен мамилелерди жөнгө салууга батынган эржүрөк саясатын жогору бааларын кошумчалады. Көп жылдан бери ортодогу чек араны жаап, байланыш-катышты токтотуп койгон коңшулаш Армения менен Түркия ушул айда дипломатиялык алакалар орнотуу тууралуу келишимге кол коюшу мүмкүн экенин маалымдашкан. Андай келишимди кийин эки өлкөнүн парламенттери бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG