Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

“Ак шумкар”: Президент реформаларды тездетиш керек


“Ак шумкар” партиясынын бүгүнкү жыйынында партиянын лидери Темир Сариев реформа жоопкерчиликтүү жана чынчыл адамдар тарабынан жүргүзүлүшү керек деп билдирди. Анын айтымында, реформа жөн гана кадрларды алмаштыруу эмес, калктын жашоосун жакшыртууга жумшалышы керек. “Коррупция боюнча биз артынан бешинчи орунда турабыз. Бул мамлекетте болуп жаткан саясат, жургүзүлүп жаткан иш туура эмес экенин көрсөтүп турат. Муну өзгөртүш керек. Ошого жараша биз натыйжалуу башкаруу системасын алышыбыз керек. Экинчиден, жоопкерчиликтүү чиновниктер болушу керек. Бизде мамлекеттик уюмдардын укуктары бар, жоопкерчилиги жок. Бүгүн эч ким эч нерсеге жооп бербейт”, - деди Т.Сариев. Партиянын жыйынында өлкөдөгү саясий кырдаал, энергетика, партиянын регионалдык уюмдарын бекемдөөгө байланыштуу маселелер каралды.(КЕ)

XS
SM
MD
LG