Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

Казакстан электр энергиясына карызын көмүр менен жабат


Бул тууралуу Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов 7-октябрда Бишкекте кыргызстандык кесиптеши Игорь Чудинов менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди. Кечээ эки өлкөнүн премьер-министрлери жолугуп, суу-энергетика, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы боюнча бир катар маселелерди талкууга алышкан. Натыйжада эч кандай документке кол коюлган жок. Казак өкмөт башчысы Карим Масимов быйылкы кыштан жеңил чыгууга биргелешкен аракеттер көрүлөт жана буга тиешелүү документтерди кыска убакыттын ичинде даярдоо эки өлкөнүн тийиштүү министрликтерине тапшырылды деп билдирди журналисттерге.

Кечке жуук Казакстандын премьер-министри Карим Масимовду КР президенти Курманбек Бакиев кабыл алды. Жолугушуу учурунда К.Масимов К. Бакиевге кыргыз тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктары туурасында айтып берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Өткөн жумада Азербайжанда кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда Казакстан кышкы жылуулук сезону жана келерки жаз мезгили үчүн электр энергиясына 25 млн. долларды алдын-ала төлөөгө даяр экендиги маалым болгонун КР президентинин басма сөз кызматы кабарлаган эле.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG