Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Иран президенти соңку сүйлөшүүнү «алдыны көздөй» кадам деп атады


Бул тууралуу президет Махмуд Ахмадинежадга шилтеме жасап, Ирандын расмий ИРНА жаңылыктар агенттиги кабарлады. Ахмадинежаддын айтымында, кээ бир өлкөлөр Иранга өзөктүк реактордо отун катары пайдалануусу үчүн 20%га байытылган уран менен жабдып турууну сунуш кылган. Ал ошондой эле Иран “калган глобалдык маселелердин баарын чечүүдө конструктивдүү кызматташтыкка үмүттөнөрүн" айтты.

Мындан эки күн мурда америкалык расмий өкүлдөр Иран менен сүйлөшүүдө чектелген гана ийгилик болгонун белгилешип, Вашингтон жана анын өнөктөштөрү эгер Тегеран уран байытууну токтотуу багытында кадам жасабаса, жаңы санкцияларга барууга даяр экенин билдиришкен. Атомдук бомба жасоо үчүн урандын 90%га байытылганы талап кылынат. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия менен Ирандын ортосунда анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү өткөн аптада Женевада болгон. Кийинки сүйлөшүү 19-октябрда өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG