Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:46

АКШ Мамлекеттик катчысы орус бийлигин сынга алды


Хиллари Клинтон 7- октябрда тараткан билдирүүсүндө Орусиянын бийликтерин журналист Анна Политковскаяны өлтүргөндөрдү жазага тарта албай жатканы үчүн сынга алды. АКШ Мамлекеттик катчысынын пикиринде, мындай жагдай мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөш боюнча аракеттерге шек келтирүүдө. Ал билдирүүсүн Чеченстандагы адам укукугун бузууларды ашкерелеп, Кремлдин саясатын кескин сынга алып келген Анна Политковская киши колдуу болгон күндүн үч жылдыгына тушташ жасады. Хиллари Клинтон өз билдирүүсүндө Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитеттин маалыматтарына таянуу менен 2000-жылдан бери Орусияда кесиптик ишмердигинен улам 18 журналист өлтүрүлгөнүн жана кылмышкер бир эле учурда жаза алганын белгилейт. АКШ Мамлекеттик катчысы орус бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн келерки аптада Москвага келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG