Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:15

Дыйкандар үрөндөрүн сата албай убара


Бул туурасында парламенттин жыйынында депутат Турдукан Жумабекова билдирди. Анын айтымында өкмөт дыйкандардан жабышкактыгы 23 пайыздан кем эмес, үчүнчү класстагы аштык буудайды талап кылып жатат. Турдукан Жумабекованын айтымында өкмөт алгач дыйкандарга ошондой жогорку сапаттагы буудайдын үрөнүн арзан баада алууга жардам берип, анан түшүмдүн сапатына талап койсо болмок. Август айынын этегинде премьер-министр Игорь Чудиновдун жетекчилиги астында жыйын өткөн. Анда кыргыз өкмөтү дыйкандарды колдоо иретинде 40 миң тонна буудайдын 1 кг 10 сомдон сатып алмакчы болгон. Дыйкандар эгиндерин нак акчага сатууга же насыяларынын оордуна буудай өткөрүү менен карыздарын жаба алышат деп да белгиленген. Бирок дыйкандар учурда буудайды 10 сомдон эмес, 5 сомдун айланасында сатууга мажбур экендиктерин билдирип жатышат.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG