Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Өкмөт газ маселесин чукул арада чечүүгө кам көрүшү зарыл


Парламенттин депутаты Азамат Арапбевдин айтымында электр энергиясына киргизилген чектөөлөр менен газдын да токтолушу Ош шаарынын тургундарын өтө оор абалга дуушар кылуусу ыктымал. Газ маселеси суук түшкүчө чечилиши зарыл. “Кыргыз газ” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев учурда өкмөт менен биргеликте каражат изделип, каражат булактары электр тармагынан каралып жатканын билдирген. Ошондой эле ал жылуулук мезгили башталганга чейин сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, газды кайра жандырганга аракет болоорун кошумчалаган. Буга чейин Кыргызстан 18 миллион доллар карызын төлөбөй жатат деп, Өзбекстан Ош шаарына газ берүүнү токтоткон, ал эми өлкөнүн түндүк аймагына газ берүүнү 30 пайызга кыскарткан.(AzK)

XS
SM
MD
LG