Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Мектептеги рэкет боюнча депутаттык комиссия түзүлөт


Депутат Ибрагим Жунусов демилгечи болгон токтом долбоору депутаттардын 70 добушу менен кабыл алынды. Аталган комиссия №2 лицей, №38 мектеп жана Олимпиадалык резерв боюнча окуу жайындагы өспүрүмдөр арасында чыккан чыр чатакты иликтешет. Ошондой эле республиканын бардык регионундагы жалпы билим берүүчү мектептеринде рэкетчилик боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Бүгүнкү парламенттик жыйында депутаттар мектептеги рэкетчилик проблемасы оор көйгөйгө айланып бара жаткандыгын белгилеп, бул жаатта комиссиядан тышкары тиешелүү комитет толук кандуу иш жүргүзүшү керектигин белгилешти.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда Бишкектеги Олимпиадалык резерв боюнча республикалык окуу жайдын 10-11-классынын 50 окуучусу Лебединовка айылындагы №2 мектеп-гимназиясынын жана №38 мектептин эшик терезелерин таш менен сындырып, массалык мушташ уюштурганга аракет кылышкан. Анын кесепетинен мектептин үчүнчү жана жетинчи класстын окуучулары, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары жаракат алышкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG