Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

К.Сарбаев Роберт Гейтс менен жолугушту


АКШдагы иш сапары учурунда тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс менен эки тараптуу аскердик, аскердик-техникалык кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашты. Тараптар терроризм, баңги ташуу жана чек ара коопсуздугу маселелеринде кызматташууну бекемдөө керектигин белгилешти. Мындан тышкары Кадырбек Сарбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Джеймс Стейнберг менен жолугушуп, биргелешкен экономикалык өнүгүү фондун түзүү туурасында сүйлөшүштү. Эки тарап саясий, экономикалык, аскердик, маданий-гуманитардык багыттарда кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экендиктерин тастыкташты,-деп маалымдайт тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. (AzK)

XS
SM
MD
LG