Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Президент Улуттук долбоорлорду колдоого алды


Бүгүн өкмөт үйүндө болуп өткөн Кыргызстандын улуттук долбоорлорунун бет ачарында өлкө башчысы Курманбек Бакиевге “Билим берүү” жана “Кыргыз мурасы жана келечек” улуттук долбоорлору туурасында маалымат берилди.

Президент ушул жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн “Билим берүү системасын реформалоо“ концепциясынын презентациясы учурунда “Билим берүү” улуттук долбоорун иштеп чыгууну тапшырган. Долбоордун башкы максаты – билим берүүдөгү реформалар аркылуу өлкөнүн жаңылануусуна көмөктөшүү. Аны жүзөгө ашыруу учурунда координациялык аналитикалык борбор катары билим берүүгө көмөктөшүү институту түзүлмөкчү.

Мамлекет башчысы бул долбоордун ишке ашырылышын болушунча тездетүүнүн зарылдыгын белгилеп, буга колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

“Кыргыз мурасы жана келечек” долбоору “Маданият” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат жана кыргыздардын маданий мурасын изилдөө менен аны мамлекет жана коомдун демократия принциптерине таянып жаңыланышы үчүн пайдаланууга багытталган.

Аны жүзөгө ашыруу менен кыргыз тилинин жана улуттук аң-сезимдин, мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана коомду демократиялаштыруу үчүн тарыхый, маданий жана руханий негиздердин кайра жаралуу, ошондой эле жарандык (саясий) улуттун калыптанышына көмөктөшүү жолдору аныкталмакчы. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG