Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Токмокто күзөтчүнүн огунан бир адам жарадар болду


7-октябрда саат 03-45 Токмок шаарындагы бир аскер бөлүгүнүн көзөмөлдөп- өткөрүү пунктунун нөөмөт бөлүмүнө төрт бейтааныш адам жулунуп кирип барышкан. Нөөмөттө күзөттө турган жоокер аларды аскер бөлүгүнүн жайынан чыгып кетүүнү талап кылып, эскертүү иретинде асманга ок аткан. Ага болбой ээн баштар кирип келатканда күзөттөгү жоокер алдыдагы адамга ок чыгарганда ал жарадар болуп, анын жанындагылар качып жоголушкан. Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин тез аракеттеги иш чарасынын негизинде бул окуяга шектүү делип Бишкектин тургуну Т.К. кармалган. Жаракат алган Токмоктун тургуну 1983-жылы туулган А.А. мурда тоноочулук жана опузалык кылгандыгы үчүн соттолуп келген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG