Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

"Азаттыктын" үнү Абхазия менен Түштүк Осетияга да жетет


Эркин Европа/Азаттык радиосу Грузиянын жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия чөлкөмүнө атайын берүүлөрдү уктура баштайт. Эмки айдан тарта күн сайын обого чыгуучу 60 мүнөттүк программаны “Азаттык” радиосунун Прагадагы кеңсесинде, Грузияда (Абхазия менен Түштүк Осетия аймагында да) жана Орусияда иштеген кабарчылар даярдашат.

Радиоберүү орус тилинде даярдалат, аны кыска толкундарда кечкисин угууга болот. Ал жаңылыктар менен кабарлардан туруп, угармандар менен байланыш активдүү жүргүзүлөт. Программалардын мазмуну “Кавказ жаңырыгы” аттуу интернет сайтта чагылдырылат.

Жаңы программанын максаты – чөлкөмдөгү элдердин ынтымагын бекемдеп, аймактагы окуяларга карата ар түрдүү көз караштарды калыс чагылдыруу.

XS
SM
MD
LG