Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Ноокатта 40 миң тонна буудай жыйналды


Ноокат районунун акими Акматжан Махаммадов 2008-жылга салыштырмалуу бул жылы беш миң тоннага көп буудай жыйналганын "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, мынча дан калктын унга болгон керектөөсүнүн 90 пайызын камсыз кылат. Калган жетишсиздик ар түрдүү булактар аркылуу толукталмакчы. Райондук бийликтин башчысы аймакта азык-түлүк маселеси дээрлик чечилди деп эсептейт.

Серепчи Төлгөн Келдибаев жергиликтүү калк ун менен жетээрлик камсыз болгонунан шек санап, “жалган көрсөткүчтөр менен курсак тойгузган бийликтин айыбы жакынкы күндөрдө ачылат” деп билдирди. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG