Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Мэр Н.Түлеев шаар мугалимдерин куттуктады


Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев баш калаадагы жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлерин мугалимдер күнү менен куттуктады. Анын айтымында, бир жарым жылдын аралыгында жаңы конуштарга 24 мектеп курулуп, 44 миң окуучуга акысыз тамак берүүгө шаар бүджетинен 98 млн. сом бөлүнгөн. Ал ошондой эле мугалимдерге муниципиалдык үй берүү салтка айланып баратканын кошумчалады.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектин мектептеринде мугалимдердин 300 оруну бош турат. Ал эми көпчүлүк мугалимдер эки кызматтык орунду бирдей алып жүрөт.
“Шаар мугалимдеринин орточо айлыктары мэрия тарабынан кошулган 1 миң сом менен шаардык кеңештин кошумчасы болуп, бардыгы биригип 4.500-5000 сомду түзөт”,-бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG