Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Тоолуу Карабак чатагы талкууланат


Азербайжан менен Армениянын президенттери Тоолуу Карабак чатагын талкуулайт. Илхам Алиев менен Серж Саркисян жума күнү КМШ лидерлеринин саммити өтө турган Кишинев шаарына бир күн мурда барып, эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт. Ишембиде Армения менен Түркиянын жетекчилери Швейцариянын Цюрих шаарында жолугуп, ондогон жылдардан берки касташууну токтотуп, мамилелерди жөнгө салуу туууралуу документке кол коеру күтүлүүдө. Армян-түрк алакасы Түркия 1993-жылы ортодогу чек араны жаап, Тоолуу Карабак чатагында Азербайжанды колдоп бергени ого бетер татаалдаткан эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG