Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Кабулда 17 киши мерт болду


Индиянын Кабулдагы элчилиги жанында болгон жардыруудан кеминде 17 киши мерт болуп, дагы 80дейи жараат алды. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү машинеге катылган бомбаны жардырган жанкечтинин кутумунан каза болгондордун көбү катардагы оогандар экенин билдирди. Индия элчилигинен эч ким жабыр тарткан жок, былтыр жайда ушул эле элчилик алдында жарылган бомбадан 58 киши мерт болгон.

XS
SM
MD
LG