Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

Балдардын спорт мектебинде бильярд бөлүмү жабылды


Бишкек мэриясы тарабынан өспүрүм-балдардын атайын спорт мектебинин бильярд жана бокс бөлүмдөрү жабылды. Бул тууралуу аталган спорт мектебинин директору Константин Коробов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, шаар бүджетинен 607 миң сом бөлүнүп келген бильярд бөлүмү 7-сентябрда жабылып, анын ордуна дзю-до жана кулатуу күрөшү боюнча бөлүм түзүү маселеси турат. “Азыркы учурда атуулдар арасында бильярд спортуна кызыккандар көбөйүп баратканда бул оюндун келечеги Кыргызстанда оор абалда калды”,-дейт К.Коробов. Спорт мектебинде бильярд бөлүмү 2002-жылы Бишкек шаардык кеңештин токтому менен ачылып, бул жылдын аралыгында 3 дүйнөлүк чемпион, эл аралык класстагы спорттун 2 чебери, спорттун 15 чебери жана спорт чеберлигине талапкер 25 бала тарбияланган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG