Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

А. Илларионов кыргызстандык жаштар менен жолугушат


Орусиянын мурунку президенти Владимир Путиндин экономикалык кеңешчиси Андрей Илларионовдун бишкектик жаштар менен жолугушуусу “Мамлекеттин көлөмү жана экономикалык өсүш” деген темада болмокчу. Жолугушуу Борбор Азиядагы Америка университетинде бүгүн болот. Уюштуруучулардын бири Сабина Рейнтгольддун “Азаттыкка” билдиргени боюнча орусиялык экономист 4-октябрдан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көлдө кыргызстандык, казакстандык жана тажикстандык 40 улан-кызга саясий, экономикалык жана жеке эркиндик боюнча семинар өткөн. Бүгүн боло турган жолугушууга А. Илларионов менен бирге Орусия президентинин алдындагы академиянын бир катар илимий кызматкерлери катышмакчы.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG