Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Бүгүн Швейцариянын тышкы иштер министри келет


Швейцария Конфедерациясынын тышкы иштер министри Мишлин Калми –Рэй айым иш сапары учурунда кыргыз өкмөт башчысы И. Чудинов жана КР тышкы иштер министринин орун басары Б. Каламбекова менен жолугушмакчы. Жолугушууларда эки тараптуу экономикалык кызматташтык жөнүндө кеп болот. Мишлин Калми –Рей айымдын иш сапары тууралуу жергиликтүү журналисттер бүгүн боло турган маалымат жыйынында кенен кабардар боло алышат, деп билдирет КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык он беш жылдан бери уланып келет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG