Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

“Террорист” деп шектелгендердин соту башталат


Үстүбүздөгү жылдын июнь айында “террорист” деген шек менен Өзгөндө кармалган эки кишинин соту бүгүн райондук сотто башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова маалымдады.

Белгилүү болгондой үстүбүздөгү жылы 26-июнда Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында белгисиз куралчан топ менен Кыргызстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү ортосунда ок атышуу болуп, куралчандардын үчөө өлтүрүлүп, экөө кармалган. Алардын үстүнөн терроризмге байланыштуу 4-берене менен кылмыш иши козголгон.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова бул окуяда милицияны негизсиз аракет кылган, ал жерде эч кандай курал болгон эмес, деп айтыптап келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG