Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Башкатчы жана Коопсуздук кеңеш Ооганстандагы жардырууну айыптады


Кечээ Индиянын Кабулдагы элчилигинин имаратынын жанында болгон жарылуудан 17 киши каза таап, 80дей адам жаракат алган эле. Жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн айтымында, алардын көпчүлүгү жөн –жай тургундар.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө жардыруу үчүн жоопкерчилик алган “Талибан” кыймылы, ошондой эле “ал-Каида” террордук уюму жана мыйзамсыз куралдуу топтор Ооганстандын коопсуздугу үчүн чоң коркунуч туудурары белгиленген,

Жанкечти автоунаа менен жасаган жардыруу үчүн жоопкер болгон Талибан алар Индиянын элчилигин бутага алганын билдиришти. Муну менен Индиянын элчилиги акыркы он беш ай ичинде экинчи ирээт бутага алынып олтурат.

XS
SM
MD
LG