Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:45

Коопсуздук кеңеши НАТО баштаган күчтөрдүн Ооганстандагы мандатын узартты


НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Ооганстандагы мандатын дагы бир жылга узартууну караган резолюцияны Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү бир добуштан колдоду. Анда Ооганстандын жөн-жай тургундарын коргоонун жана алар арасындагы жоготууну азайтуунун маанилүүлүгү баса белгиленет. Резолюцияда ошондой эле өлкөлөрдүн дарегине эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн санын көбөйтүү, кошумча жабдуу жана башка ресурстар менен камсыздоо чакырыгы айтылган. Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн курамында Ооганстанда 42 өлкөнүн 67 миңдей аскери жайгашкан. Алардын 31 миңи - АКШнын жоокерлери. Ооганстанда дагы 34 миң аскер АКШнын өзүнүн командачылыгы астында кызмат өтөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG