Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:08

С.Аламанов: Аң казууда административдик чек ара бузулбаш керек


Өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун “Азаттыка” маалымдоосуна караганда, Кадамжай районундагы Гүлпиян айылына жакын жерде өзбек чек арачыларынын аң казуу иштерин көзөмөлдөө үчүн түштүк регион боюнча адис Каныбек Ботобаев жөнөтүлдү. Эгерде Өзбекстан аң казуу иштерин Кыргызстандын административдик чек арасында жүргүзгөн болсо, анда ал иштер тезинен токтотулууга тийиш жана чек арачылар ал аймакты коргоого алышы керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн административдик чек арасын көзөмөлдөөгө милдеттүү. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG