Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Мектеп окуучулары кесипке үйрөнүшөт


Бишкек шаарынын Ленин районундагы 15 мектептин 10-11-класстарынын окуучулары кесипке ээ болушат. 2010-жылдын январь айынан тарта бул мектептердин программаларына кесип боюнча сабактар киргизилет. Кесипчилик сабактары жумасына бир жолудан өткөрүлүп турат. Жалпы миң окуучу окуу жылынын аягында аттестат менен кошо кесипке ээ болгондугу тууралуу сертификатка ээ болушат. Бул иш чарага мэрия 2 миллион сом каражат бөлмөй болду. Эгер бул аракет өзүнүн оң жыйынтыгын берсе, 2011-жылы ага Бишкектин бардык мектептери тартылат.(AzK)

XS
SM
MD
LG