Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Өзбекстандын 400 үй-жайы кыргыз аймагына карап калды


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай районуна чектеш аймактан өзбек тарап аң казууда чек ара аныкталбаган жерлерде эки тарап макулдашкан шарттуу картанын негизинде иш жүргүзүп жатышат. Кээ бир участоктордо эки өлкөнүн өкмөттөр аралык макулдашкан картасына ылайык үй жайлар да башка мамлекеттин ичинде калып калган учурлар бар. Жалпысынан облус боюнча Кыргызстанга тиешелүү 10 турак жай Өзбекстан тарапта калса, ал эми кошуналардын 400дөй үй жайы Кыргызстан аймагына өтүп калган. Бүгүн Кадамжай районунун Гулпиян айылынын жашоочулары Өзбекстандын чек арадагы аң казуу учурунда 100 гектардай айдоо аянты Өзбекстанга өтүп калды деп нараазылык билдиришкен. Бул боюнча облустук акимчилик өкүлдөрү жайында болушуп, аң казуу административдик чек ара боюнча жүргүзүлүп жатканын айтышты. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG