Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Нарында өспүрүмдөр арасында кылмыш көбөйдү


2009-жылдын 9 айында облус аймагында өспүрүмдөр тарабынан 44 кылмыш саны катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 11ге көп. Эсепке алынган кылмыштардын 79,5 пайызын уурулук түзөт же өспүрүмдөрдүн уурулукка барышы 2008-жылга караганда дээрлик эки эсеге арбыган. Облустук Ички иштер башкармалыгы аркылуу ар кандай укук тартибин бузган 346 өспүрүм эсепке алынса, анын 267 мектеп окуучулары болуп саналат. Нарын шаарындагы Эсенгул Ибраев атындагы орто мектептин окуучусу Абдрай кызы Жанара эки окуучу кыздан 400 сомду опузалап алгандыгы үчүн кылмыш иш козголуп, ага сот тарабынан 1 жыл 6 айга сыноо мөөнөтү берилген. Мындай малыматтарды Нарын облустук ИИБ жетекчисинин орун басары Асан Кенжебаев билдирди. (KUs).

XS
SM
MD
LG