Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Э.Бөлөкбаевге байланыштуу сот болду


Бүгүн Москва райондук сотунда “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев жана активисттер Сапар Аргымбаев, Уран Рыскуловдун үстүнөн сот жараяны уланды. Бул тууралуу адвокат Александр Типеров билдирди. Анын айтымында, сотто жабырлануучулар суралып, алар Бөлөкбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскуловдун массалык баш-аламандыкка тиешеси жок экенин билдиришти. Белгилүү болгондой Бөлөкбаев, Аргынбаев жана Рыскуловго апрель айылында Петровка айылында массалык баш-аламандыкты уюштурган деген айып коюлууда. Ишти Москва райондук соттун төрагасы Феликс Марлес карап жатат. Соттук териштирүү 13-октябрда улантылат.(AiT)

XS
SM
MD
LG