Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

КМШ саммитинин корутунду документтерине кол коюлду


Тар курамдагы сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйыны өттү. Молдова президентинин милдетин аткаруучу, Молдова парламентинин төрагасы Михай Гимпунун кириш сөзүнөн кийин КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев сөз алып, тар курамдагы жыйында негизинен дүйнөлүк экономикалык кризистин кесепеттерин жоюу маселеси талкууга алынганын кабарлады.

Ошондой эле Сергей Лебедев КМШга төрагалык Орусия Федерациясына өтөрүн кабарлап, Орусия президенти Дмитрий Медведев КМШга мүчө мамлекет башчыларын КМШнын бейформал саммитине чакырды. Ал саммит 2010-жылы майда Москвада, Улуу Атамекендик согушта Жеңиштин 65 жылдыгынын алдында өтөрү жарыяланды.

Андан кийин жыйында күн тартибиндеги башка маселелер боюнча чечимдердин долбоорлору каралып, корутунду документтерге кол коюлду. (AzK)

XS
SM
MD
LG