Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:12

Жалал-Абат облусу Сузактын 90 жылдыгына камданууда


Райондун мааракесине Жалал-Абат шаарынын четиндеги Телтору ат майданы кайра оңдолууда. Ага президенттин жарлыгы менен 4 миллион сом каражат бөлүнгөн. 90 жылдык тууралуу театрлаштырылган оюн-зоок камдалууда. Бишкектен келген Маданият министри С. Раев баш болгон өнөр адамдары аталган ат майданда президенттин кичи мекени - Сузактын мааракесин өзгөчө майрамдоо маселесин талкуулашты. Талдоочулар райондо бир нече өнөр жай ишканалары жаңы курулганы менен “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын мүчөлөрү Бек-Абат, Күмүш-Азиз, Сузак айылдарында жашыруун жүргөнүн, тоолуу кыштактарда жумушсуздук, миграция, жакырчылык жоюла электигин белгилешүүдө. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG