Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

А.Акаев: Биз Орусия менен бирге гана өнүгүп-өсөбүз


Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев “Азаттыктын” бир катар суроолоруна жооп берип, өлкөнүн тышкы саясаты жаатындагы ой-пикирлери менен бөлүштү. Анын айтымында, тышкы саясатты жүргүзүүдө өтө этия болуу керек. Анткени, ички саясаттагы каталарды кыска мөөнөттө оңдоо мүмкүн болсо, сырткы саясаттагы каталарды оңдоо абдан кыйынга турат.

“Сырткы саясатта эң оболу кошуналар менен жакшы мамиледе болуш керек. Анан эң негизги нерсе, Кыргызстан, ошондой эле жалпы Борбор Азия мамлекеттери Орусиядан кол үзбөө керек. Орусиядан кол үзүү чоң ката болот. Биз Евразия аймагында Орусиянын тегерегинде гана, алар менен тыгыз кызматташып гана өсүп-өнүгө алабыз”,- дейт Аскар Акаев.

Ошондой эле анын айтымында, Кыргызстан башка алыскы-жакынкы мамлекеттер менен да мамилесин өркүндөтүшү керек. Алардын арасында Германия, Жапония сымал мамлекеттер маанилүү. Аскар Акаевдин пикиринде, АКШ менен болгон мамиле да зор мааниге ээ. Себеби бул өлкө дүйнөдөгү эң зор күч болуп саналгандыктан, бүтүндөй батыштын көз карашы дагы АКШнын көз карашына байланыштуу.

“Мен президент болуп турганда булар менен мамилени чыңдоого аракет кылгам. Бирок АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шек келтирген маселелер менен кайрылып, үстөмдүк кылгандыктан, андай нерселерге мен каршы болгом. Анан 2005-жылы АКШ “кызгалдак ыңкылабы” демиш болуп Кыргызстанда төңкөрүш уюштурбадыбы. Ал эми Кыргызстандын бул өлкө менен азыркы мамилеси соода-сатыктын деңгээлиндей сезилет”,- дейт А.Акаев.

Бирок А.Акаев, АКШ ошол жылдары Кыргызстандын эгемендигине шек келтире турган кандай сунуштарды жасаганын тактап айткан жок. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG