Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Нарын мал уурдоодон 876 миң сом зыян тарткан


Мындай маалыматты Нарын ОИИБ жетекчисинин орун басары Ороз Молдосариев билдирди. Өткөн 9 ай аралыгында облуста 85 мал уурдалып, 373 мал жоголгон. Уурдалган малдардын отузу, жоголгон малдардын 122си табылган эмес. Жыл башынан бери мал уурулук кылган отуз төрт адам кармалган. Бирок сегиз адам тергөөдөн жана сот органдарынан качып, карматпай жүрүшөт. Ошол эле маалда мал уурулук боюнча 8 кылмыштын бети ачыла элек. “Мал ууруларга айыл өкмөттөр шыкакчы болушууда. Маселен Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Сабыр кызы Калбүбү бир нече баш жылкыга жалган справка бергендиги аныкталып, анын үстүнөн кылмыш иш козголгон” дейт Ороз Молдосариев. (KUs)

XS
SM
MD
LG