Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Ошто Элдик кабарчылардын клубу ишке киришти


Коомдук «Итоги недели» гезитинин башкы редактору Лочин Мирзаходжаевдин айтышынча, шаардын активдүү ардагерлери клубдун алгачкы мүчөлөрүнөн болуп калышты. Элдик кабарчылар мындан ары Ош шаарындагы маанилүү окуяларды ыкчам чагылдырып турмакчы. Басма сөз өкүлүнүн ырасташынча, редакциянын башка кызматкерлерине салыштырмалуу аксакал журналисттерге дурусурак калем акы төлөө аракети жасалууда. Жергиликтүү адистер Элдик кабарчылар институтунун кайра жандандырылышын кубаттап, мындай жөрөлгө башка массалык маалымат каражаттарында да жайылтылса, коомдо айкындуулуктун калыптанышына көмөктөшөт деп үмүттөнүүдө. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG