Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Анкара менен Ереван жакындашуу жолунда


Түркия менен Армения дипломатиялык алака түзүүгө жол ачкан келишимге кол коюшканы жатат. Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян жана түрк тышкы мекемесинин жетекчиси Ахмет Давутоглу документке Швейцариянын Цюрих шаарында кол коюшмакчы. Аземге АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров, Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер, Евробиримдиктин жооптуу өкүлү Хавьер Солана өңдүү чет өлкөлүк жогорку даражалуу расмий адамдар катышмакчы.

XS
SM
MD
LG