Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Ирактыктар шайлоону ачык өткөрүүнү колдошот


Иракта жүздөгөн адам көчөлөргө чыгып, ачык шайлоо өткөрүүнү жана мамлекеттик мекемелердин ишин жакшыртууну талап кылышты. Ирак парламенти 16-январь күнкү парламенттик шайлоону талапкерлердин ысымдарын жазбастан, партиялык тизмелер боюнча гана өткөрүү сунушун караганы жатат. Өткөн жумада шийилердин лидери Аятолла Али ал-Систани сунуш жактырылса, өнөктүктү бойкоттоо ниети жөнүндө эскерткен. Ал-Систани ачык тизмелерди колдойт. Анын пиикринде, талапкерлердин ысымдары жана партиялардын аталыштары бюллетендерге жазылса, шайлоого көбүрөөк эл катышмакчы. Ачык тизме системасы Иракта январда жергиликтүү шайлоодо колдонгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG