Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:25

Баку Анкарага нааразы


Азербайжан Армения менен мамилелерин нормалдаштырууга багытталган келишимге кол койгондугу үчүн Түркияны катуу сындады. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги армян күчтөрү Азербайжандын оккупацияланган аймактарынан чегине электе келишимге кол коюушу "Азербайжандын кызыкчылыктарына каршы келет" деп билдирди. Бул тууралуу АФП агенттиги кабарлады. Бул кадам Түркия менен Азербайжандын тарыхый тамырларга таянган бир туугандык мамилелерине көлөкө түшүрөт. Түркия менен Армениянын чек арасын бир тараптуу түрдө ачышы региондогу бейпилдике, стабилдүүлүккө залакасын тийгизет, - деп эсептейт расмий Баку. Кечээ Анкара менен Ереван дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүү жана чегараны ачуу жөнүндө макулдашышкан. Документке Армениянын тышкы иштер министри Эдуард Налбандян жана Түркия тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Швейцариянын Цюрих шаарында кол коюшту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG