Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Пакистанда аскерий гарнизондогу кармаш аяктады


Пакистан армиясы Исламабаддын жанындагы гарнизонго кол салып, ондогон кишини барымтага алган согушкерлер колго түшүрүлгөнүн маалымдады. Равалпинди шаарындагы тирешүү 22 саатка созулду. Бүгүн эртең менен куралдуу күчтөрдүн аскерлери имаратка кирип, 39 кишини бошотушту. Барымтага алынган 3 киши жана 4 согушкер, ошондой эле жардамга келген 2 жоокер набыт болду. Талибан кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул кыянаттыкты айыптады.

XS
SM
MD
LG