Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Москвада кыргызстандык жаран өлтүрүлгөнү кабарланууда


“Интерфакс” агенттигинин Москва шаардык милициясынын маалыматына таянып билдиргени боюнча кыргызстандык жаран жекшемби күнү кечинде өлтүрүлгөн. Аны белгисиз бирөөлөр далысына атып, качып кетишкен. Азырынча окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат жок, өлтүргөндөр издөөгө алынганы кабарланууда.

Бул окуя тууралуу маалымат алуу үчүн Орусиядагы кыргыз элчилиги менен байланышууга мүмкүн болбоду.

22-сентябрда Москва шаардык соту чет өлкөлүк жарандарга кол салды деп айыпталган такырбаштарды түрмөгө кескен. Бул такырбаштар 2008-жылы февраль-март айларында өлтүргөн кишилердин арасында кыргызстандык жарандар да болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG