Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

АКШ "Пакистан коркунучта" деп эсептейт


АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон экстремисттер Пакистан өкмөтүнө коркунуч келтирип жатышканын айтты. Ишембиде согушкерлер Исламабаддан алыс эмес жердеги Равалпинди шаарында аскер күчтөрүнүн гарнизонун басып алып, 40дай кишини барымтага алышкан. Атышуулардан кийин өкмөттүк аскерлер барымтадагылардын басымдуу бөлүгүн бошотушкан болчу. Барымтадагылардан үч, согушкерлерден төрт адам окко учкан. Равалпиндиге чабуулду талиптер жасашканын айтып чыгышты. Хиллари Клинтон азыр да жикчилер өкмөткө коркунуч келтирип жатышканын, бирок Пакистандын өзөктүк потенциалы жакшы корголгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG