Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

БУУнун өкүлү ооган шайлоосун “бурмалоо” деди


Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы өкүлү Кай Эйде Кабулдагы маалымат жыйынында билдиргенине караганда, 20-августтагы президенттик шайлоодо бүт процесске көз салуу кыйын болгон. Аны “ошол көз боемочулуктарды өзү көргөн” деп айыптап чыгышкан эле. Муну Эйде четке какты. Ооганстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары айрым аймактарда жараксыз деп табылып, добуштар кайрадан саналган. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгарылаары күтүлүүдө. Шайлоонун жыйынтыгында буга чейинки президент Хамид Карзай жеңди деп табылган, бирок анын оппоненти Абдулла “добуш берүү натуура өттү” деп, экинчи айлампанын зарылдыгын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG