Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

ГЭСтер боюнча мыйзам Жарандык кодекске каршы болчу


Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин башчысы Турсунбек Турдумаматов бүгүн билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам күчтөн кеткенден кийин Камбар-Ата акционердик коомун түзүүгө жол ачылат, ГЭСтердин курулушуна шарт түзүлөт. Кыргыз өкмөтү ГЭСтерди курууга ушул убакка чейин 78 миллион доллар жумшады, эми курулушту улантуу үчүн ыңгайлуу жолду тандап алышы керек, дейт Т. Турдумаматов. 9-октябрда Жогорку Кеңеш ГЭСтер тууралуу мыйзамдын күчүн жоготуу боюнча өкмөттүн сунушун колдоп берген. Муну менен Камбар-Ата ГЭСтерин күрөөгө коюуга жол ачылды. Кыргызстанды Өнүктүрүү фонду ГЭСтердин курулушуна насыя берүү үчүн мыйзам өзгөртүлүшүн талап кылган. Бул фондго Кыргызстанга Орусиядан келген 300 миллион доллар насыя салынган. Парламенттеги коммунисттер жана социал-демократтар фракциялары мыйзамдын күчү кетсе ГЭСтер менчиктештирилип кетерин айтып бул иш-аракеттерге каршы чыгышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG