Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Өзбекстанга газ карызы үчүн 3,5 млн доллар берилди


Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн бересесинин 3,5 миллион долларын которгонун “Кыргызгаздан” “Азаттыкка” билдиришти. Аталган ишкананын башчысы Саламат Айтикеев газ боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн жакынкы күндөрү Ташкентке барарын маалымдашты. Азыр Кыргызстандын Өзбекстанга газ боюнча карызы 15, 5 миллион долларды түзөт. Расмий Ташкент Кыргызстандын бересеси 18 миллион долларга жетти, деп 24-сентябрдан тарта өлкөнүн түштүгүнө газ берүүнү токтоткон, түндүк тарапка көгүлтүр отун берүүнү отуз пайызга кыскарткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG