Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Кыргыз цивилизациясынын борбору түзүлөт


Бул тууралуу “Кыргыздардын маданий мурасы жана келечеги” деп аталган долбоордун жетекчиси, депутат Зайнидин Курманов бүгүн билдирди. Анын айтымында, мындай борборду түзүүгө мамлекет эле эмес, эл аралык уюмдар да колдоо көрсөтүшөт. Борбордо алгач кыргыздардын тарыхы тууралуу баардык маалыматтар системалаштырылат. Андан кийин бир нече жумушчу топтор түзүлүп улуттук мурасты кайра жандантып, азыркыга ылайыкташтырып пайдалануу боюнча жыйырма багытта иш алып барышмакчы. З. Курманов бул долбоорлор менен окумуштуулар жана өлкө башчысы таанышып кубаттоого алганын билдирди. Президент Курманбек Бакиев буга чейинки кайрылуусунда кыргыздардын улуттук мурасын жандантуунун зарылдыгын белгилеген. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG